Бокс: Россия, Казакстан, Өзбекстан…
Польшанын Кельце шаарында бокс боюнча жаштар арасында дүйнөлүк биринчилик өтүүдө. Кечээ жарым финалдык таймашуулар жыйынтыкталып, 3-орунду ээлеп коло байге алган мушкерлер аныкталды. Финалдык беттешүүлөр 22-23-апрель күндөрү өтөт. Финалга чыккан мушкерлердин саны боюнча алганда Россия, Казакстан жана Өзбекстан алдыда келет. Бирок, финалга чыккан мушкерлердин кимиси чемпион болоору азырынча белгисиз. Кыргызстандан барган мушкерлерден Жанторо Ташиев (64 кг) гана коло байге жеңип алды.