Болдуин каргашалуу окуядан кийин биринчи жолу үн катты

1-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 21

Голливуд актёру Алек Болдуин тасма тартуу учурунда тапанча менен атып өлтүрүп алган кесиптеши боюнча өтө сейрек кездешкен кокустук деп билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

«Буга чейин тасма тартуу талаасында ар кандай учурларга туш болгонбуз. Бирок мындай нерсе болгон эмес. Бул триллион учурдун бирөөсүндө гана кездешкен окуя», — деген актёр.
Маалыматка караганда, Болдуиндин артынан аңдып жүргөн репортер-папараццилерге атайын унаасын токтотуп, камерага сүйлөп берген. Бул анын Вермонт штатында каргашалуу окуядан кийинки биринчи жолу үн катышы.

“Биз экөөбүз дос болчубуз. Санта-Феге тасмага тартылууга келгенде аны жана режиссер Жоелди кечки тамакка чакыргам. Биз абдан жакшы иштерди чогуу жасаган, күчтүү топ болчубуз”, — деп эскерда ал.

Болдуин ошондой эле, каргаша болгон жерде тасманы тартуу ишин улантпай турганын, тапанчанын ичинде чыныгы октун бар экенин билбегенин айткан.

Ал азырынча иликтөө ишин ачыктай албаарын билдирип, журналисттерди артынан түшпөөсүн суранган.

Эске салсак, голливуд актёру Алек Болдуин тасма тартуу аянтчасында машыгып жатып октолгон тапанча менен кесиптешин атып алган. Анын кесепетинен оператор Галина Хатчинс көз жумуп, режиссер Жоэль Соуза оор жаракат алган. Окуя 21-октябрда болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X