Болгариянын эли шайлоолордон тажашты

15-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 19

Акыркы жети айдын ичинде Болгарияда ушуну менен үчүнчү ирет шайлоо өткөнү турат. Учурдагы мамлекет башчысы Румен Радев президенттикке кайрадан талапкерлигин койгонун айтып, шайлоого катышуу чечимин кабыл алды. Ал эми өлкөнүн парламентиндеги 240 мандат үчүн 20 саясий партиядан жана 7 коалициядан жалпысынан 5 067 адам талапкерлигин койду.

Эске салсак Болгарияда апрель айынан тартып коалициялык өкмөт түзүлбөй келет. Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү шайлоолордон тажап, добуш берүүгө барбай тургандыгын билдиришти. “Алдыда өтө турчу шайлоо мурдагыдан эч нерсеси менен айырмаланбайт. Абал ушул бойдон гана калат. Албетте коалициялык өкмөт куралат деген ишеничтебиз, бирок буга чейинки өткөрүлгөн 2 шайлоонун жыйынтыгы кандай чыкса, бул жолу дагы ошол кайталанат. Эл шайлоодон тажады», — дешет болгариялыктар.

Байкоочулардын баамында “Болгариянын европалык өнүгүшү үчүн” партиясы жана “Демократиялык күчтөрдүн биримдиги” жеңишке жетсе, ал эми азыркы президент Румен Радев кайрадан жаңы мөөнөткө шайланат.

15-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X