Болот Ибрагимов баштаган депутаттар Лиза Кертис менен жолукту
Бүгүн, 20-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Лиза Кертис баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушууда парламенттин ачык-айкындуулугу, сөз эркиндиги, маалымат каражаттарынын ролу жана мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.
Төраганын орун басары Болот Ибрагимов парламенттин ишмердүүлүгү жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачык экенин белгилеп, журналисттерге кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн айтты.
Депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Мирлан Жеенчороев, Нилуфар Алимжанова жана Дастан Бекешев сөз эркиндиги, сапаттуу маалымат, кыргыз тилиндеги контентти өнүктүрүү жана жаш журналисттерди колдоо маселелерине токтолушту.
Өз кезегинде Лиза Кертис «Азаттык» радиосунун ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берип, 2025-жылдагы кризистен кийин уюмдун иши туруктуу нукка түшкөнүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын парламентинин ачык-айкын иш алып баруусуна жана депутаттардын арасында аялдардын үлүшүнө жогору баа берди.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.