
Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театры өлкөбүздөгү эң чоң куурчак театр болуп эсептелет. Учурда анда 100дөн ашык адам эмгектенет. Театрдын имаратында жумасына эки жолу сахналаштырылган оюндар коюлат. Андан тышкары чыгармачылык топ ар аптада бала бакчалар, мектептерге көчмө оюндарды уюштуруп турат. Биз куурчак театрынын жетекчиси Болотбек Куланбаев менен маектешип, театрдын азыркы абалын сурадык.
— Болотбек Чалбаевич, сиз жетектеген куурчак театры учурда кандай иштеп жатат? Азыр элдин театрга болгон кызыгуусу бир аз да болсо жандангандай сыяктанат. Куурчак театрына да көрүүчүлөр келе башташтыбы?
— Туура айтасыз. Бир убактарда маданият үйлөрүнө, театрлардын дээрлик баарына эл келбей калган күндөр да болгон. Азыр театрга болгон кызыгуу жанданды. Биздин театрда ишемби, жекшемби күндөрү ата-эне күндөрү өтөт. Башкача айтканда ата-энелер балдарын алып келишип, сахналаштырылган оюндарды көрүп кетишет. Мына ушул ата-эне күндөрү азыр активдүү өтүүдө. Аптанын калган күндөрүндө мектептерге, бала бакчаларга барып иштейбиз. Негизи бала бакчаларда, мектептерде көчмө спектаклдердин көрүүчүлөрү дайыма эле көп болот. Болгону балдар театрдын имаратына сахналашкан оюндарды көргөнү келбей калышкан эле. Биздин сахналаштырылган оюндарга орус тилдүү балдардын кызыгуусу күч. Кыргыз тилдүү жомокторду көрүүгө келген балдардын саны азыраак. Андыктан мен дайыма ата-энелерге баланын маданиятка болгон кызыгуусу куурчак театрынан башталыш керек деп айтып, айрыкча кыргыз тилдүү балдарды театрга тартууга аракет кылам. Эгер бала куурчак театрга келсе, ал кийин башка театрларга да барат. Маданиятка, адабиятка болгон кызыгуу биздин театрдан башталат. Биздин вазийпабыз чоң жана маанилүү. Бала тарбиялоо боюнча сахналаштырылган жомокторубуз арбын. Балдар эмес ата-энелерди да тарбиялап коё турган жомокторду сахналаштырабыз. Негизи жомокту сахнадан өз көзү менен көргөндөр абдан таасирленет. Ошондуктан да куурчак театрлары пайда болгон. Куурчак театры балдарга жашоодогу жамандык менен жакшылык, ак менен караны айырмалоону үйрөтөт. Балдар биздин жомокторду көргөндөн кийин сөзсүз кандайдыр бир жыйынтык чыгарып кетишет.
— Театрдын түзүлгөнүнө канча жыл болду?
— Театр 1939-жылы түптөлгөн. Бирок, 1945-жылга чейин спектаклдер орус тилинде гана коюлуп келген. Кыргыз тилиндеги тайпа 1945-жылы ачылган. Мына ошондон тарта ушул күнгө чейин эки тилдүү театр болуп иштеп келет. Биз ушул тапта 83-театралдык сезонубузду ачып жатабыз. Башкача айтканда бир кылымга тете тарыхы бар театр. Анда КМШ өлкөлөрүнөн куурчак искусствосу боюнча дасыккан далай мастерлер иштеп кетишкен жана ушул убакта да иштешет. Убагында биздин театр эң жакшы иштегендиги үчүн чет мамлекеттерге такай чыгып турчу. КМШ өлкөлөрүнөн сырткары Алжир, Афганистан, Никарагуа, Монголияда өз чыгармачылыгын көрсөтүп келген.
— Театрдын имараты Бишкек шаарыбыздын борбордук бөлүгүндө эле жайгашкан. Бирок, эскилиги жетип калыптыр.
— Мурда театр башка имаратта турчу. Азыркы имаратка 1991-жылы көчүп келгенбиз. Андан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө элек. Айрыкча сахнабызды заманбап кылып жасасак жакшы болмок. Билесиздер азыр сахналарга ЛЕД экрандар коюлуп, санариптештирилип жатат. Эгер сахнабыз заманбап болсо, балдардын да кызыгуусу жанданат беле деген ойдомун. Жарык, үн берүүчү техникалардын эскилиги жетип калды. Аларды да оңдоо зарылчылыгы турат. Бирок, ага карабай биздин техникалык, чыгармачылык топ кызуу иштейт. Жомокторду сахналаштырууда көбүнчө чыгармачылыкка, куурчактардын жасалгасына көңүл бөлөбүз. Министрлер Кабинети биздин театрдын абалы тууралуу билет жана оңдоп-түзөө иштерин баштоо тууралуу да сөз болгон.
— Канча актёр эмгектенет?
— Акыркы кездерде бизге жаштар көп келе башташты. Аларды кучак жайып тосуп алабыз. Чыгармачылык топто 30дай актёр эмгектенет. 15 актёр кыргыз тайпасында, ал эми калганы орус тайпада иштешет. Бирок, бул аздык кылат. Штаттык бирдикти көбөйтсөкпү деген ой бар. Артисттерибиз белгилүү даталарда мектеп, бала бакчаларга барып оюн койгонго жетишпей калышат. Азыр жалпы 106 кызматкер бар. Алардын ичинде техникалык кызматкерлер көп.
— Куурчактарды кайдан аласыздар?
— Ар бир жомокко ылайыкташтырып, өзүбүздүн мастерлерибиз жасап турушат. Куурчак жасоо үчүн атайын художниктер, декораторлор иштешет. Учурда иштеп жаткан 45 спектакль бар. Алардын баарынын куурчактары ушул театрда эле жасалган. Куурчак жасоо-бул чоң искусство жана эмгек. Аны жөн эле жасап коюшпайт. Мастер- художниктер жасаган куурчактар алгач сындан өтүп, андан кийин сахнага алынып чыгат. Биздин театрдан азыр куурчактын түрүн табасыз.

— Биз эмгектенип жаткан куурчак театрында абдан сонун аура бар. Ошондуктан көп театрлардын арасынан ушул театрды тандагам. Балдарды тарбиялоо жаатында көп эле спектаклдерде ойнодум. Бүгүн жол эрежеси боюнча спектакль коюп жатабыз. Анда мен МАИ кызматкеринин ролундамын. МАИ кызматкери балдарга жол эрежелерин үйрөтөт. Балдар сахналаштырылган оюндарды бат кабыл алышат. Биздин оюнду көргөн балдар тез эле жол эрежелерин үйрөнүп алышат. Бул театрда иштөөнүн бир эле кыйынчылыгы бар, ал куурчактардын кыймылын жандуу кылып көрсөтүү. Ал эми балдар менен иштегенден ырахат гана аласың. Алардын таза жан дүйнөсүн биз сахнада туюп, билип турабыз.

— Театрдын репертуары чоң. Кырктан ашык спектаклде ойнойбуз. Баарында куурчактар менен иштешебиз. Мында ар бир спектаклде ар кандай куурчактар ойнотулат. Бирин бири кайталабайт. Андыктан алар менен иштей билүү маанилүү. Кээде актёрлук чеберчилик бул жакта калып эле куурчакка жан киргизүү менен алектенип каласың. Башка театрларда иштегенге караганда бул жерде иштөө татаал. Себеби, өзүң да образда болосуң, куурчакка да жан киргизесиң. Мен үчүн биринчи жолу ишке киргенде ушул нерсе кыйын болгон. Азыр көнүп калдым. Балдар менен иштөө абдан жагат. Биздин негизги көрүүчүлөрүбүз балдар.
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты
Жазгүл Кенжетаева