Бөлүнгөн каражат бар, скважина жок: Президент маселе көтөрдү
Сокулук районунун тургуну президент Садыр Жапаров менен жолугушууда беш жыл мурда каражат бөлүнгөнүнө карабастан, ушул күнгө чейин курулбай келе жаткан суу скважинасы боюнча маселени көтөрдү.
Аялдын айтымында, долбоорду ишке ашырууга каражат бөлүнгөнү менен, беш жылдан бери курулуш иштери башталган эмес.
«Беш жыл мурун каражат бөлгөнсүз, бирок скважина ушул күнгө чейин курулган жок», — деп кайрылды ал мамлекет башчысына.
Талкуу учурунда долбоордун кечеңдешине уюштуруу маселелери жана тендердик жол-жоболор себеп болгону айтылды. Тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү документтер даярдалып, подрядчы уюмду аныктоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Садыр Жапаров маселенин беш жылдан бери чечилбей келе жатканына нааразычылыгын билдирип, кечигүүнүн себептерин тактап, иштердин аткарылуу мөөнөтү боюнча так маалымат берүүнү талап кылды.
Ошондой эле мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын жана долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлгө алууну тапшырды.