Боордош элдердин маданий көпүрөсү. Өзбекстан делегациясы Кыргызстанда

26-июль, 2026-ж. / Редакция / Маданият 235

Кыргызстанда өтө турган Өзбекстандын маданият күндөрүнө катышуу үчүн коңшу өлкөнүн чыгармачыл делегациясы келди.

Делегацияны Өзбекстандын маданият министри, эл артисти Озодбек Назарбеков жетектеп келди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда (Тамчы) меймандарды Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.

Делегациянын курамында 200гө жакын маданият жана искусство өкүлдөрү бар. Алардын арасында белгилүү ырчылар, музыканттар, бий топтору жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.

Маданият күндөрүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору өзбек элинин салттуу мурасы менен заманбап өнөрүн тааныган концерттик жана маданий программаларга күбө болушат.

Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү 27–28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Иш-чара эки өлкөнүн маданий-гуманитардык байланышын бекемдөөгө багытталган.

26-июль, 2026-ж. / Редакция / Маданият 235
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X