Борбор Азияда сейсмикалык коопсуздук боюнча бирдиктүү стандарттар иштелип чыгат

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112

Душанбеде Борбор Азия мамлекеттери үчүн бирдиктүү сейсмикалык ченемдерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Аталган иш-чарага Кыргызстандын өкүлдөрү да катышып, улуттук курулуш стандарттарын иштеп чыгуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Кыргызстандык делегацияны Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов жетектеди.

Жыйындын жүрүшүндө аймактагы сейсмикалык коопсуздукту чыңдоо, курулуш ченемдерин шайкеш келтирүү жана жер титирөөлөргө туруктуу имараттарды куруу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап илимий негизделген стандарттарды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тажрыйбасы менен бөлүштү.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Негизги көңүл сейсмикалык жүктөмдөрдү эсептөөнүн так критерийлерин иштеп чыгууга бурулду. Бул калк жашаган аймактардагы имараттардын жана стратегиялык объекттердин коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары,  КМШга мүчө мамлекеттердин сейсмикалык туруктуу курулуш жаатындагы Базалык уюмунун көчмө жыйыны да өттү.

Иш-чаралардын башкы максаты — жер титирөөлөрдүн кесепеттерин азайтуу, калкты коргоо жана инфраструктуранын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда бирдиктүү илимий-техникалык жана ченемдик ыкмаларды иштеп чыгуу.

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X