"Эркин-Тоо"

Борбор калаада №7 троллейбустун кыймылы өзгөрдү

Бишкек шаарындагы №7 троллейбус каттамынын кыймылы өзгөртүлдү.

Мэриядан билдиргендей, каттам Асаналиев көчөсүндөгү Красная көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу өзгөргөн.

Убактылуу каттамдын акыркы аялдамасы Тунгуч кичи району жана Эт комбинаты болот. Оңдоо иштери аяктаганга чейин троллейбус Ак-Өргө конушуна жүрбөйт.

«Калаа бийлиги ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана өзгөрүүлөрдү эске алуу менен маршрутту пландаштыруу суранат» деп жазылат маалыматта.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!