17–22-май күндөрү Бишкек шаарында Тажикстан Республикасынын маданият күндөрү өткөрүлөт. Иш-чарага Тажикстан Республикасынын 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегациясы катышары маалымдалды.
Маданият күндөрүнүн алкагында концерттик программалар, сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар, ошондой эле көркөм тасмалардын көрсөтүлүшү уюштурулат.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, маданий иш-чаралар эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоого, чыгармачыл кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргыз-тажик элдеринин достук мамилесин тереңдетүүгө багытталган.
Мындан тышкары, маданият күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий диалогду кеңейтүүгө жана эки элдин өз ара алакасын бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.