Борбор калаада заманбап маданий борбор курулууда

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулуш иштерин улантууда.

Долбоорго ылайык, үч кабаттан турган заманбап имарат жана 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт.Нет описания фото.

Маданий борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу мейкиндиктер жайгашат.

Учурда имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. Азыркы тапта биринчи кабаттын колонналарын орнотуу, кабат аралык жабууну бетондоого даярдык көрүү жана курулуш аянтында топуракты кайра толтуруу иштери жүрүп жатат.

Курулуш иштерин «Гипер Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X