Борбор калаадагы башкы балатынын оту жандырылды
Кечээ, 15-декабрда, Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында башкы жаңы жылдык балатынын оту салтанаттуу түрдө жандырылды. Иш-чарага коноктор жана шаар тургундары катышты.
Балатынын жарыгын жандыруу аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, калаа элин келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
«Көз жоосун алган жаңы жылдык балатыбыздын жарыгы шаарыбызды өзгөчө кооздукка бөлөп, ар бир калаа тургунуна жана коногубузга жылуулук, кубаныч тартууласын. Жаңы жыл жаңы үмүттөрдүн, таза тилектердин жана келечекке койгон чоң максаттарыбыздын майрамы болсун», — деди мэр.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, белгилүү ырчылар сахнага чыгып, элге майрамдык маанай тартуулашты.