Борбор калаадан Чуңкурчакка түз каттам. Туристтер үчүн тез жана ыңгайлуу каттам пландалууда
Кыргызстанда Бишкектен Чуңкурчак капчыгайына чейин алып баруучу альтернативдүү автомобиль жолун куруу иштери пландалып жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.
Министрдин айтымында, учурда жаңы трассанын долбоору даярдалып жатат. Планга ылайык, жол төрт тилкелүү болуп, калктуу конуштарды айланып өтүүчү маршрут менен салынат.
Жаңы каттам Бишкектен Чуңкурчакка түз жана ыкчам чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, жол жүрүү убактысын кыйла кыскартары күтүлүүдө.
Чуңкурчак капчыгайы борбор калаага жакын жайгашкан эң популярдуу эс алуу аймактарынын бири болуп эсептелет. Жаңы жолдун курулушу бул туристтик аймакка жетүүнү жеңилдетип, анын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.