Борбор калаанын бүтүрүүчүлөрү Санкт-Петербургдагы салтанаттуу майрамга катышты

2-июль, 2026-ж. / Редакция / Билим 148

Орусия тараптын чакыруусу жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен 2026-жылдын 25–30-июнь күндөрү борбор калаадагы муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 18 бүтүрүүчүсү Санкт-Петербург шаарына барып, бүтүрүүчүлөр үчүн уюштурулган ири маданий иш-чаралардын бири – «Алые паруса» майрамына катышып келишти.

Сапардын алкагында окуучулар үчүн маданий-билим берүү программасы уюштурулуп, алар Санкт-Петербург шаарынын тарыхый жана маданий жайлары менен таанышышты. Тактап айтканда, Мамлекеттик Эрмитаж музейине, Мамлекеттик Орус музейине, «Ленрезерв» музейдик-тарыхый комплексине жана Петергоф сарай-парк ансамблине экскурсиялар өткөрүлдү. Бул иш-чаралар катышуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана маданий мурастарга болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.Возможно, это изображение Храм Василия Блаженного и текст

Программанын негизги бөлүгү 27-июнда Санкт-Петербургдун борбордук аянтында өткөн «Алые паруса» салтанатына катышуу болду. Иш-чарага болжол менен 70 миңден ашуун бүтүрүүчү чогулуп, концерттик программа, жарык шоу жана Нева дарыясында кызыл парустуу кеменин салтанаттуу өтүшү менен коштолду.

Бул сапар жаштардын маданий байланыштарын чыңдоого, тарых жана маданиятка болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүп, бүтүрүүчүлөр үчүн унутулгус таасир калтырды.

Орусия тараптын чакыруусу жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен 2026-жылдын 25–30-июнь күндөрү борбор калаадагы муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 18 бүтүрүүчүсү Санкт-Петербург шаарына барып, бүтүрүүчүлөр үчүн уюштурулган ири маданий иш-чаралардын бири – «Алые паруса» майрамына катышып келишти.

Сапардын алкагында окуучулар үчүн маданий-билим берүү программасы уюштурулуп, алар Санкт-Петербург шаарынын тарыхый жана маданий жайлары менен таанышышты. Тактап айтканда, Мамлекеттик Эрмитаж музейине, Мамлекеттик Орус музейине, «Ленрезерв» музейдик-тарыхый комплексине жана Петергоф сарай-парк ансамблине экскурсиялар өткөрүлдү. Бул иш-чаралар катышуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана маданий мурастарга болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.

Программанын негизги бөлүгү 27-июнда Санкт-Петербургдун борбордук аянтында өткөн «Алые паруса» салтанатына катышуу болду. Иш-чарага болжол менен 70 миңден ашуун бүтүрүүчү чогулуп, концерттик программа, жарык шоу жана Нева дарыясында кызыл парустуу кеменин салтанаттуу өтүшү менен коштолду.

Бул сапар жаштардын маданий байланыштарын чыңдоого, тарых жана маданиятка болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзүп, бүтүрүүчүлөр үчүн унутулгус таасир калтырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X