Борбор калаанын энергетикалык инфраструктурасы жаңыланууда. «Мурас» көмөк чордонунда иштер соңуна чыкты
“Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков Бишкектеги “Мурас” 110/10 кВ көмөк чордонундагы реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министрдин маалыматына ылайык, жаңыланган объект жакынкы бир жуманын ичинде ишке берилет. Көмөк чордон ишке киргенден кийин “Бишкек Арена” стадиону жана жаңы курулуп жаткан турак жай комплекстери туруктуу электр энергиясы менен камсыздалат.
Ошондой эле объект шаардык электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүндө электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.