Борбордо жаңы оңдолгон көчөлөр пайдаланууга берилди

29-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 222
Бишкекте айрым көчөлөрдү оңдоо иштери биринчи жолу май айында бүткөрүлдү.  Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштерин улантууда. Алгачкы жолу айрым көчөлөрдү оңдоо  иштери май айында эле аяктады. Бул даярдык иштери кыш мезгили бою жүргүзүлгөндүктөн мүмкүн болду.
Алдын ала инженердик тармактарды жана мамыларды көчүрүү, мыйзамсыз тосмолорду, кабелдерди жана жол курулушуна тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери аткарылган. Мындай ыкма негизги иштерди кечиктирбестен баштоого жана бир катар объектилерди адаттагы мөөнөттөн эрте бүтүрүүгө шарт түздү.    Возможно, это изображение улица, дорога и трава
2026-жылдын 28-майында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында реконструкциялоо иштери аяктаган көчөлөрдү кыдырды.
Алгачкы объект катары «Дордой» базарынын жанындагы Кожевенная көчөсүнүн тилкеси каралды. Бул жерде узундугу 1,8 чакырым, туурасы 8,5 метр болгон жолго капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады.
  Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Көчмө жыйындын алкагында төмөнкү көчөлөр жана жол тилкелери этап-этабы менен ачылды:
— Ак-Босого конушундагы Чоң Чүй каналынын боюндагы узундугу 1100 метр болгон жол;
— Кудрук көчөсүнүн Краснодарская көчөсүнөн Малышев көчөсүнө чейинки 700 метрлик бөлүгү;
— Рижская көчөсүнүн Кара-Балта көчөсүнөн Республикалык көчөгө чейинки жалпы узундугу 450 метр болгон бөлүгү;
— Чоң Чүй каналынын боюндагы Безымянная көчөсүнүн Республикалык көчөдөн Коммунаров көчөсүнө чейинки 200 метрлик бөлүгү;
— Лев Толстой көчөсүнүн 1800 метрлик реконструкцияланган бөлүгү;
— 6-кичи райондогу №12/1 үйдөн №14/1 үйгө чейинки 300 метрлик ички жол.
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X