БОРБОРДУ ЭЭЛЕГЕН ОРТОЗАРЛАР МЕНЕН ПРОВИНЦИЯЛЫК МЫКТЫ ТАЛАНТТАР
Чыгармачылыкта “борбордук” же “провинциялык,” – деген түшүнүк шарттуу гана бөлүнүү сыяктанат. Бирок турмушта ал шарттуулук көбүнчө иерархияга айланып кеткен учурларга күбө болуп жүрөбүз. Тилекке каршы борбордо жашаган айрым ортозар чыгармачыл адамдар өздөрүн адабияттын же искусствонун “табигый борбордук өкүлү” катары сезип, аймактагы мыкты таланттарды теңине алгысы келбеген учурлар кездешет. Алар үчүн жашаган дарек – деңгээлдин көрсөткүчү сыяктуу мааниге ээ. Эгер сен баш калаада иштеп, жашап турбасаң, демек сен чыгармачылыкта дагы “борбордук планда боло албайсың” – дегендей пендечилик түшүнүктөр орун алган учурлар да жок эмес. Андай пендечилик түшүнүккө көбүнчө, тартынчаактыгы менен ошол “провинциялык” таланттар өзүлөрү да жол беришет.
Реалдуулукта таланттын паспорту болбойт. Ал каттоодо турбайт, «пропискага» баш ийбейт. Ал эле эмес, анын чек арасы да жок. Бирок кээ бирөөлөр үчүн борбор – таланттын эмес, тааныштыктын, жамаатташуунун, уюмдашуунун аянты. Ошондуктан ортозар чыгармачыл адам баш калаада жүрсө эле “мектеп,” “агым,” “уюм,” “көз караш” түзүп алгансып, жасалмалуулук менен олуттуу көрүнгүсү келет. Ал эми аймактагы мыкты талант өзүнүн жалгыздыгынан, жөнөкөйлүгүнөн, тарбиясынан, ички маданиятынын бийиктигинен, билимдүүлүгүнөн улам “борбордон үлкөндөр келген экен” деп “халтуршиктерге” жол бошотуп, алардын “жасалма” сөздөрүнө кулак төшөп туруп калган учурлар ого эле көп кездешет. Мына ушул жерде кызык парадокс бар, чыныгы талант уялат, тартынат, ал эми ортозарлык, билимсиздик менменсинтип, ишенимдүү сүйлөтөт.
“Борборду ээлеген ортозарлар” аймактарга барганда көбүнчө устат кейпин кийип, кадыресе каада күтүп алышат. Аларга сахна да даяр, микрофон да даяр, ал эми жергиликтүү чыныгы таланттар болсо уюштуруучу болуп кала берет. Натыйжада мазмун экинчи планга сүрүлүп, география биринчи орунга чыгып алат. Бул көрүнүш – маданий комплекстердин айкалышы. Аймактагыларда – “борбордон келген” – деген психологиялык басым алдыңкы орунду ээлеп алган. Борбордогулар – “мен борбордонмун” деген жасалма артыкчылыкты жаратып алган. Экөөнүн ортосунда нукура талант унчукпай басылып келе жаткан учурлар бар. Мындай көрүнүш турмушта көп эле кездешип келе жатканы жашыруун эмес. Том-том китептери чыккан кээбир “баш калааны ээлеген ортозарларды” бир чыгармасы менен басып өткөн “провинциялык” мыкты таланттар бар экенин моюнга алышыбыз керек.
Кээде “борбордук ортозарлар” провинцияга барып, чыгармачылыгынын дараметин эмес, өз напсисин ар тараптан гастролдотуп, урмат-сый көрүп келишет. Ал эми провинциялык чыныгы таланттар борборго барганда жөнөкөйлүгүнүн жүгүн көтөрүп, “Бишкекке барсак да биз сыйлайбыз, Бишкектен келсе да биз сыйлайбыз” – деген көнүмүш адат боюнча кызмат кылып келишет. А чынында чыгармачылыктын борбору – даректе эмес, деңгээлде. Чыныгы талант географияга карабайт. Мен бүгүн так ошондой “провинциялык” бир талант жөнүндө сөз кылгым келип турат. Биз али жүз көрүшүп тааныша элек ал калемгер – КЕНЖЕ ЖАМАНКУЛОВА. Бул акын кыздын поэзиясынан – ички туюмга, аялдык назик психологияга жана турмуштук чындыктын терең катмарларына сугарылган руханий-филасофиялык бийиктикти көрө алдым. Анын ырларында ашыкча пафос же жасалма философия жок, тескерисинче, жөнөкөй сөздөр аркылуу татаал сезимдер берилет. Мындан чыныгы акындык касиетти көрүүгө болот.
Акындын поэтикалык дүйнөсүндө сүйүү, сагыныч, ички жалгыздык, аялдын тагдыры, турмуштук сыноолор өзгөчө орунда турат. Ал темаларды драмалаштырбай, табигый агым менен, окурмандын жүрөгүнө жакын интонация менен берет. Айрым ырларында адамдын өзүн издөөсү, жашоонун убактылуулугу, тагдыр менен эсептешүү сыяктуу ойлор поэтикалык формада терең ачылып – экзистенциалдык мотив байкалат. Анын стилинин артыкчылыгы – тилинин тазалыгында, жөнөкөйлүгүндө, лирикалык каармандын образынын акыйкаттуулугунда. Ал өз ыр саптары аркылуу поэзия ааламынан өз үнүн, өз жүзүн таба алган, жаңыча ой жүгүрткөн акын. Анын ыр саптарындагы салыштырма метафоралардан, ички ритмден, табигый уйкаштыктардан эч кимди кайталабаган оригиналдуулук сезилип турат. Окурман анын чыгармаларын китептен эмес, социалдык тармактардан окуганына карабай, мазмуундук, көркөмдүк жагынан жогорку деңгээлде берилген салмактуу ойлордон руханий азык алары талашсыз.
Мен анын Фейсбук баракчасынан “ЖАРАШЫП ЖАШЫМ” деген 4 строфадан турган ырын окуп, андан ары акын кыздын чыгармачылыгы менен таанышып чыгууга аргасыз болдум. Анткени бул куш тилиндей чакан ыр – аялдык тагдырдын, жан дүйнөнүн, руханий жетилүүнүн поэтикалык манифести. Анткени автор өзүнүн жашоо позициясын, принциптерин, моралдык көз карашын так жана ачык билдирүү менен ушул 4 строфадан турган ыры аркылуу далилдеп өткөн. Лирикалык каарман жаш курагына моюн сунуп эмес, аны бардык учурда нарк менен кабыл алып, “жарашып жашым” деген түшүнүктү руханий бийиктикке көтөрүп чыккан. Ар бир строфа өзүнчө психологиялык абалды, өзүнчө философиялык баскычты аныктап турат. Келиңиз окурман, бул ырга чогуу назар салабыз.
Бул ырдын I строфасы:
“Баркымды кемитпөөгө,
Көп күлбөй сумсайайын.
Кадыр таап айланадан,
Каадалуу улгайайын…”
Бул строфада автор “инсандык кадыр-барк” түшүнүгүн биринчи орунга коёт. “Баркымды кемитпөөгө” деген саптан – ички өзүн-өзү көзөмөлдөө принцибин көрө алабыз. Бул жерде күлкүгө тыюу салуу эмес, ашыкча жеңил ойлуулуктан алыс болуу ниети байкалат. “Көп күлбөй сумсайайын” – мында нукура кыргыз аялзатына мүнөздүү токтоолук образы берилген. “Кадыр таап айланадан” – коомчулукка кылык-жорук менен эмес, салабаттуу мүнөз менен таанылып, ал эми “Каадалуу улгайайын” деген сапта – карылыкты биологиялык процессте эмес, каада-салтка шайкеш руханий өсүү менен кабыл алууну көрсөткөн. Бул строфадан лирикалык каармандын аруузат катары өзүн-өзү аярлап, сактоо философиясын көрүүгө болот.
II строфасына назар салсак:
“Түртүлбөй түртүндүгө,
Тик багып баш көтөрөм.
Кылчайбай арт жагыма,
Кайраттуу жаш көтөрөм…”
Бул бөлүк – ички кайраттын декларациясы – адамдын өзүнө берген убадасы, ички принциптеринин, жашоодогу ээлеген позициясын ачык билдирүүсү. “Түртүлбөй түртүндүгө” – деген образ турмуштун ыплас агымына аралашпоону билдирет. Түртүндү – коомдогу майда интригалар, майда ушак сөздөр, кирдеген каректер, моралдык өксүк. “Тик багып баш көтөрөм” – бул сапта вертикалдык образ колдонулат. Тик караган адам – намыстуу, таза, эркин адам. “Кылчайбай арт жагыма” – деген өткөндү эстеп, өкүнүч менен жашоодон баш тартуу. Ал эми “Кайраттуу жаш көтөрөм” – жаш деген сөз бул жерде курак эмес, өсүү, алга карай максаттуу умтулуу. Демек, лирикалык каарман канча жашта болбосун, ички жаштыгын, тазалыгын кайрат менен сактайт. Бул строфадан – албарсттай курч, аккан суудай шар, таза мүнөздүн бекемдиги көз алдыбызга тартылат.
III строфа
“Шүгүр деп өтмүшүмө,
Шыпшынбайм тартып убай.
Ширесин татам ыйман,
Шайтанга азгырылбай…”
Бул строфа аркылуу лирикалык каарманыбыздын руханий бийиктикке өсүп чыкканын көрөбүз. “Шүгүр деп өтмүшүмө” – Жараткандын маңдайга жазган жазмышына ыраазы болуу философиясы. Мында кээ бир жазмакерлердей жан дүйнөсүн шамалга сапырып, улутунуп, өкүнүп, тагдырга наалат айтуу жок. “Шыпшынбайм тартып убай” – ички драматизмди сыртка чыгарбай, кыргыз аялзатынын сабырдуу психологиясын даана көрсөтө алган. “Ширесин татам ыйман” – абдан кооз, бал шимүүрдөй ширелүү метафоралык салыштырууну караңыз. Ыйман – ширелүү мөмө сыяктуу, анын жанга азык берген ширеси бар. Демек, ыйман кургак догма эмес, адамзаттын руханий азыгы. “Шайтанга азгырылбай” – бул сапта автор ыйман менен шайтандын азгырыгын карама каршы коюп, поэтикалык антитеза аркылуу моралдык тандоону так көрсөткөн. Бул строфадан – руханий тазалык манифестин – лирикалык каармандын жашоо принциптерин, моралдык туруктуулугун көрүүгө болот.
IV строфа
“Күн тосуп жаздагыдай,
Күлүңдөп келечекке,
Байбиче болом бир күн,
Жарашкан элечекке.”
Акыркы строфа – оптимизмдин символу. “Күн тосуп жаздагыдай” – жаз жаңыланууну билдирет. Өмүрдүн өтүп жатканы – күз, кыш эмес, жаз катары берилген. “Күлүңдөп келечекке” – бул сөз лирикалык интонацияны жумшартып, лирикалык каарман келечекти коркуп эмес, жылмая тосууга багыт алганын аныктайт. “Байбиче болом бир күн” – бул сапта кыргыз коомундагы эң бийик, эң урматтуу аял образы бар. Байбиче – тарых, тажрыйбанын, акыл-парасаттын уюткусу. “Жарашкан элечекке” – элечек бул жерде жөн эле баш кийим эмес, статус – макам, салт, улуттук иденттүүлүк. Бул образ кыргыз аялзатына таандык маданиятынын символун берип турат. Бул строфа – улуттук, маданий жана руханий бүтүндүктүн финалы экенин кантип танабыз.
КЕНЖЕ ЖАМАНКУЛОВАнын бул ырында буйрук эмес, тилек формасы үстөмдүк кылат “улгайайын”, “көтөрөм”, “болом.” Бул образдар улуттук коддорго таянуудан кабар берет. Улуттук код – бул ар бир элдин башка элдерден айырмалап турган руханий, маданий, тарыхый “ички формуласы”. Ал – элдин эс-тутуму, дүйнөтаанымы, баалуулуктары, мүнөзү, жашоо философиясы жыйналган көрүнбөгөн түпкү өзөк. Глобалдашуу шартында элди улуттук өзгөчөлүктөр гана сактайт. “Барк,” “каада,” “ыйман,” “элечек” – бул интонация агрессивдүү жээрүүнү эмес, сабырдуу, токтоолукту, сыймыктанууну көрсөтүп турат.
Тирүүлүктө ар бир адам жетчү улгаюу бул ырда трагедия катары эмес, жарашык, дөөлөт катары берилген. “Жарашып жашым” – бул аялдык тагдырды драмалаштырбай, тескерисинче, аны наркка айландырган ыр. Лирикалык каарман жашын жашырбайт, аны кооздоп көрсөтпөйт, ал аны жарашыкка айлантат. Бул ырдын негизги философиясы – жаш курак эмес, жарашык маанилүү экенин көрсөтүп турат. КЕНЖЕ ЖАМАНКУЛОВАнын чыгармачылыгы – заманбап кыргыз лирикасынын аялдык үнү, ички тынчтыкты издөөнүн жана жүрөктүн сырын айтуунун поэзиясы. Анын дээрлик бардык ырлары окурманды ойлонууга да, туюп-сезүүгө да, айрым учурда өзүнүн жашоосун кайра карап чыгууга да түрткү берет. Кенже Жаманкулованын «КОЛ ЧЫРАК» деген 17,5 басма табактан турган ырлар жыйнагы 2021-жылы китеп болуп басылып чыккан экен. Азырынча ал китеп борборго жете элек. Колго алып окуп көрсөк, анан дагы кененирек пикирибизди билдиребиз. Кенже айымдын чыгармаларын окурмандарга сунуштоо менен бактылуу узак жашоо, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
Бахпурбек Аленов