Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы 12ден 8ге кыскарды

19-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 185

Президент Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге кыскартуу тууралуу мыйзамга кол койду. Тиешелүү документти Жогорку Кеңеш 22-апрелде кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылдык мөөнөткө шайланат. Анын төрт мүчөсүн президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев бул өзгөртүү чыгымдарды азайтып, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин ыкчам жүргүзүүгө багытталганын билдирген. Анын айтымында, буга чейин БШКнын 12 мүчөсү толук чогулбай, кворум болбой калган учурлар катталган.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров мүчөлөрдүн саны кыскарса, болжол менен 2 миллион сом үнөмдөлөрүн буга чейин айткан.

Мыйзам долбоорунун авторлору катары депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Таалайбек Масабиров көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X