Борборго 2 миллион гүл отургузулат

16-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14

Бишкек жашыл курулуш муниципалдык ишканасы борбор калаада гүл отургузуу иштерин баштады.

Маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 2 миллионго жакын бир жылдык гүлдөр отургузулат. Жашылдандыруу иштеринде тагетс, сальвия, агератум, катарантус, георгиндер, петуниялар жана колеус сыяктуу ар түрдүү кооз өсүмдүктөр колдонулат.

Гүл композициялары шаардагы борбордук көчөлөрдү, парктарды, скверлерди жана гүлзарларды кооздоп, Бишкек шаарына көрктүү жана заманбап көрүнүш тартуулайт.

Иштер шаардын төрт административдик районунда бир убакта башталып, адистер коомдук жайларды көрктөндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат.

Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жана конокторун отургузулган гүлдөргө аяр мамиле кылууга, гүлзарларды тебелебөөгө жана үзбөөгө чакырат.

16-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X