Бразилия “Спутник V” вакцинасынын курамынан аденовирус тапты: өлкөгө киргизүүгө тыюу салынды
Бразилиянын Фармацевтикалык жөнгө салуу боюнча улуттук башкармалыгы, Россиянын “Спутник V” вакцинасын өлкөгө киргизүүгө жана колдонууга бөгөт коюу чечимин чыгарды. Себеби, вакцинанын курамынан коронавирус SARS-CoV-2 генинин S-белок кодунун платформасын ташып жүргөн аденовирус табылган. Бул тууралуу Anvisa улуттук башкармалыгынын эксперттери жазышты.
Эксперттердин айтымында, вакцинаны кайсыл бир мамлекетке алып кирүүнүн алдында анын коопсуздугу жана эффективдүүлүгү тыкыр текшерилиши шарт: чоң тобокелдикке баруунун кажети жок.
Агенттиктин маалыматы боюнча, техникалык комиссиянын чыгарган бүтүмүнө таасир эткен негизги фактор бул “Спутнике V” вакцинасынын курамынан табылган — көбөйүп, өөрчүп кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон аденовирус болуп эсептелинет. Вакцинанын курамына кирген бул вирус генетикалык жактан “туураланып”, адамга куйгандан кийин өөрчүп кетүү күчүнө ээ болбошу керек эле. Anvisa агенттигинин айтымында, бул жагдай вакцинанын аларга жеткен партиясындагы чоң мүчүлүштүгү дешет.
Бул мүчүлүштүктөр клиникалык изилдөөнүн бардык этаптарынан аныкталган. Ошондой эле, сапатты көзөмөлдөгөн, коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн тастыктаган маалыматтар жетишсиз. Ал эми курамдагы аденовирус, анын өөрчүшү бул чоң кооптонууну жаратат. Анткени, бул вирус өзгөчө иммунитети төмөн адамдардын дем алуу системасын жабыркатып, ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жараткан жагдайларга алып келиши толук мүмкүн. Бул сапат стандартына дал келбегендик . Мындан тышкары вакцинанын жакынкы, орто жана узак мөөнөттүү перспективаларын көргөзгөн терс жактары тууралуу да маалымат кеңири берилген эмес дешет эксперттер.
Апрель айында Anvisa агенттигинин делегациясы Россия Федерациясындагы вакциналарды өндүргөн ишканаларга барышкан. Анын жыйынтыгы менен комиссия бүтүм чыгарып, бир катар көйгөйлөрдү жазып чыгышкан: вакцинага колдонула турган сырёьну биологиялык-фармацевтикалык жактан тастыктаган отчетунун жоктугунан, колдонулган продукцияларды аныктоо мүмкүн болгон эмес дешет.
Ошондой эле, продукциянын сапатын жана өндүрүү шарттарынын үстүнөн үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп турган жана аны тастыктаган эч кандай иш-аракеттерди байкашкан эмес. Мындан тышкары делегациянын курамындагы инспекторлорго, вакцинаны иштеп чыккан Гамалеи институтунун объектилерине кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген эмес.
Ал эми Россия тарап Бразилиянын мындай кадамын “ мунун вакцина же илимге эч кандай тиешеси жок, бул АКШнын Бразилияга берген таасири жана саясий буйругу”- деп баалашты.