Британия, Түркия жана Кытай компаниялары ЖЭБ-2ни курууга кызыкдар
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 8-сентябрдагы жыйынында энергетика жана өнөр-жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирген.
«Электр станциялары» ТЭОго тендер жарыялаган. Жакында аягына чыгып, биз колго алабыз. Баасын азыр айта албайбыз. Ал эми тургундар көчүрүлбөйт. Ал жерде 62,2 гектар жер каралып жатат. Азыр ушул тилкеге кура турган инвесторлорду издеп жатабыз. Үч — британ, түрк жана кытай компаниялары кызыгуусун билдирүүдө. ТЭО бүткөндөн кийин меморандумга кол коюп, ишти баштайбыз», — деди министрдин орун басары.
Эске салсак, буга чейин президенттин администрациясы ЖЭБ-2ни курууну жандантып, кубаттуулугун 460 МВт жеткирип, 2-5 жыл ичинде бүтүрүү пландалып жатканын билдирген.
Маалымат иретинде: ЖЭБ-2нин долбоору 1991-жылы иштелип чыккан. Долбоор боюнча негизги отун катары жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни 100 гектардан ашык жерге эки этап менен куруу каралган. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин курулуш ишетри токтоп, ЖЭБ-2нин санитардык зонасынын 47 гектар аянттына үйлөр курулган.