БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жаңылады
Борбордук шайлоо комиссиясы 20-ноябрда Алай, Бакай-Ата, Лейлек жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кабыл алынган токтомго ылайык, Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Абдыраев Туратбек Кадырмаматович арызынын негизинде чыгарылды. Анын ордуна резервден Куванычбек кызы Зирегүл киргизилди.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясында Дүйшенова Гүлзаада Кадырбаевнанын ордуна Токтогулов Кубан Табышбекович дайындалды. Ал эми Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Кулдашова Хаётхон Атабековна чыгарылып, ордуна Мамадалиев Кубанычбек Хасанбаевич киргизилди.
Мындан тышкары, «Ата-Мекен» саясий партиясынын өкүлү Аманов Кымбат Эсенович резервден Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилди.
Тиешелүү өзгөртүүлөр БШКнын 20-ноябрдагы токтому менен бекитилди.