БШК бир катар жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-июнда өткөн жыйынында бир катар жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдерди бекитти.
Ага ылайык, Араван, Кара-Кулжа, Ала-Бука, Чаткал, Кант, Баткен шаардык, Кадамжай, Каракол, Жети-Өгүз жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери каралып, айрым депутаттардын мандаттары токтотулду.
БШКнын маалыматына ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктары өздөрү берген арыздардын негизинде токтотулган. Бош калган мандаттар болсо шайлоодо кийинки көп добуш алган талапкерлерге өткөрүлүп берилди.

Атап айтканда:
— Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Худайназаров Абдулхаким Абдиназаровичтин мандаты токтотулду;
— Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңешиндеги бош мандат Жалил уулу Жаңыбайга берилди;
— Ала-Бука районунун Айры-Там айылдык кеңешиндеги мандат Иманов Жаныбек Абазбековичке өткөрүлдү;
— Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешиндеги бош мандат Шекебаев Нурланбек Жумабековичке берилди;
— Кант шаардык кеңешинде “Эл Үмүтү” фракциясынын депутаттары Курманалиев Каныбек Мелисович жана Аскеров Чынтемир Салмоорбековичтин ордуна Жумабеков Азим Жумабекович жана Эмилбеков Улан Эмилбекович келди;
— Баткен шаардык кеңешиндеги “Эмгек” фракциясынын депутаты Турмаматов Кубатали Курсаналиевичтин ордуна Исаков Нурсейит Ашурович депутат болду;
— Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңешиндеги мандат Абдурасул кызы Акберметке өттү;
— Каракол шаардык кеңешиндеги “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Турсунбаев Уланбек Сартбаевичтин ордуна Келгенбаев Бекзат Жекшенбиевич келди;
— Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылдык кеңешиндеги мандат Иязалиев Руслан Тураровичке, ал эми Кызыл-Суу айылдык кеңешиндеги мандат Сулаймбеков Акылбек Турганбаевичке берилди;
— Бакай-Ата районунун Биримдик айылдык кеңешиндеги бош мандат Анаркулов Замирбек Анаркуловичке өткөрүлдү.
БШК белгилегендей, бош калган депутаттык орундар мыйзам талаптарына ылайык, шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди.