БШК бир мандаттуу округдан талапкерлерди каттай баштады
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон бир мандаттуу шайлоо округдарынан коё турган жарандарды каттай баштады.
Талапкерлерди каттоо бир мандаттуу шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тарта добуш берүүгө 45 күн калганга чейин жүргүзүлөт. Саясий партиялар бир округга бир гана талапкер көрсөтө алат. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөн жарандар бир гана округдан талапкерлигин коё алышат. Бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлерди каттоо 18-октябрь күнү, саат 18:00дө аяктайт.
Саясий партиялар же өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер айтылган мөөнөттүн ичинде БШКга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
- саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими же болбосо өзүн-өзү көрсөткөн арыз;
- өмүр баянынын жана башка маалыматтардын атайын формалары;
- паспорттун көчүрмөсү;
- дипломдун нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- иштеген же окуган жеринен маалымдама;
- соттолгон же соттолбогону жөнүндө маалымат;
- чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендигин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүүгө жазуу жүзүндө уруксат берүү;
- шайлоо күрөөсүн (100 миң сом) төккөндүгүн ырастаган документ.
Ошол эле учурда өлкө президенти, Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан башка кызматкерлердин (катардагы кызматкер, бөлүм башчы, жетекчи, командир, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери ж.б.) бардыгы талапкерлиги көрсөтүлгөн күндөн тарта кызматын өткөрүп берүүгө милдеттүү. Ал эми ал иштеген мекеменин жетекчиси арыз менен кайрылган учурдан 3 күндөн кечиктирбестен, айлыгын сактоо менен кызматынан бошотушу керек. Талапкердин кызматтан кеткенин тастыктаган документ 5 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлүшү керек.