БШК: Бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 228ге жетти

БШКнын бүгүнкүгө карата берген маалыматы боюнча бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондордун саны 228ге жетти.

Парламенттик шайлоого аттанган талапкерлердин басымдуу бөлүгү өзүн-өзү көрсөткөндөр болуп саналат. Тизмеде ЖКнын учурдагы депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер жана башкалар бар.

Эске салсак, парламенттик шайлоого катышуу үчүн документ тапшыруу мөөнөтү 18-октябрда саат 18:00дө аяктайт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X