БШК: Бош калган депутаттык мандаттар кийинки талапкерлерге өткөрүлдү

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 155

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) бир катар жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдерди бекитти.

БШКнын 9-июлдагы жыйынында Ош, Кара-Суу, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү чечимдери каралып, айрым депутаттарды мандаттан ажыратуу, талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алынды.

Атап айтканда, Ош шаардык кеңешинин депутаты Эргешов Алымбек Калмурзаевичтин («Ынтымак» фракциясы) ыйгарым укуктары анын арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган кийинки талапкер Кадыров Канатбек Сапарбаевичке («Ынтымак» партиясы) өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты Бостонов Нургазы Алымжановичтин мандаты токтотулуп, анын ордуна Кудайбергенов Нуржигит Имамбековичке («Ынтымак» партиясы) өткөрүлдү.

Кара-Көл шаардык кеңешинде «Таза-Булак» фракциясынын депутаты Кармышов Нурболот Тимурлановичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат Абылов Элнур Шакирбековичке («Таза-Булак» партиясы) берилди.

Мындан тышкары, Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Тотобаев Марс Анарбековичтин мандаты токтотулуп, депутаттык орун Үмөталиев Темурлан Мурсатбековичке («Тынчтык» партиясы) өткөрүлүп берилди.

Ал эми Тоң районундагы Б. Мамбетов айылдык кеңешинин депутаты Борбашов Урматбек Керезбековичтин ыйгарым укуктары анын берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

БШКнын чечимдери мыйзам талаптарына ылайык кабыл алынганы белгиленди.

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 155
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X