БШК чүчүкулак өткөрүүнүн жаңы тартибин бекитти

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка катталган талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн аныктоо үчүн өткөрүлүүчү чүчүкулактын жаңы тартибин бекитти.

Өзгөртүүгө ылайык, чүчүкулактын буга чейинки негизги жол-жобосу сакталат. Бирок бардык катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макул болсо, чүчүкулакты бир этапта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

БШКнын маалыматына караганда, бул ыкма талапкерлердин бюллетендеги ордун кокустук принцип менен аныктоо талабын сактоо менен бирге, алардын өз ара макулдашылган позициясын эске алууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, жаңы тартип чүчүкулак өткөрүү процедурасын жөнөкөйлөтүп, анын этаптарын жана ага кетүүчү убакытты кыскартууга багытталган.

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X