БШК президенттикке талапкер Акай Кыдыровдун өкүлүн каттады
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Акай Кыдыровдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.
Тиешелүү чечим БШКнын 6-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, талапкердин шайлоого катышуусуна байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Төрөмырза Муйдунов катталды.
Ага белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.