БШК: Шайлоочулардын саны 80 720 адамга көбөйдү

14-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Шайлоо-2021 42

Апрель айынан бери Кыргызстанда шайлоочулардын саны 80 720 адамга көбөйгөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынын шайлоочулардын алдын ала тизмеси түзүлүп, «Тизме» мамлекеттик порталына жарыяланган.

Ага ылайык, шайлоочулардын саны 3 686 921ди түзүп, анын ичинен эркектер — 1 766 898, аялдар — 1 920 023кө жеткен.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрга чейин уланат. Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактоо үчүн шайлоо участкасына барып, tizme.gov.kg сайты аркылуу, 1255 же 119 номерине чалып же 119 номерине паспортунун персоналдык идентификациялык номерин көрсөтүү менен СМС жөнөтүп билип алышса болот.

БШК эгер адам өзүн добуш берүүчүлөрдүн катарынан таба албаса, 12-ноябрга чейин шайлоо участкасына арыз менен кайрылып же «Тизме» порталындагы «Шайлоочунун кабинети» сервиси https://tizme.gov.kg/voter_cabinet.xhtml аркылуу электрондук форматта кайрыла алат. Бул үчүн авторизациядан өтүү талап кылынат.

Эске салсак, парламенттик шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болгон жарандардын акыркы тизмеси 18-ноябрда жарыяланат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X