БШК: «Түндүк» аркылуу чогултулган кол тамгалар шайлоого таасир этпейт
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Түндүк» тиркемесинде президенттикке шарттуу талапкердин тесттик жазуусу жаңылыштык менен пайда болуп калгандыгына байланыштуу түшүндүрмө берди.
БШКнын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-ноябрында президенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоо инфраструктурасы жана маалыматтык системалар жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн. Тестирлөөнүн жүрүшүндө техникалык катадан улам шарттуу талапкердин жазуусу электрондук кол тамгаларды чогултуу сервисинде көрсөтүлүп калган.
Техникалык ката ыкчам аныкталып, жоюлган. Кайра жүргүзүлгөн текшерүүдө ката маалыматтын экранда көрсөтүлүшүнө гана тиешелүү экени жана чыныгы талапкерлерди колдоо үчүн чогултулган электрондук кол тамгаларга таасир этпегени тастыкталган.
БШК электрондук кол тамга талапкерди көрсөтүүнү колдоо үчүн гана колдонуларын белгиледи. Президенттикке талапкерди каттоо үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасы талап кылынат. Бирок бул кол тамгалар шайлоодогу добуш болуп эсептелбейт жана жаранды кийин ошол талапкерге добуш берүүгө милдеттендирбейт.
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлөт. Жарандар шайлоо участкаларында идентификациядан өткөндөн кийин бюллетень алып, жашыруун добуш беришет. Аралыктан добуш берүүдө да шайлоочу участокко жеке өзү келүүгө тийиш.
БШКнын билдирүүсүндө «Түндүк» аркылуу кол тамгаларды чогултуу кызматы добуш берүү системасы болуп саналбай турганы жана чогултулган кол тамгалардын саны шайлоонун жыйынтыгына таасир этпей турганы баса белгиленди.
Комиссия шайлоо жол-жоболорунун мыйзамдуулугун жана талапкерлерди колдоо үчүн чогултулган кол тамгалардын так эсепке алынышын көзөмөлдөөнү улантарын билдирди.