БШК үгүт эрежелерин жаңылады. Эми шайлоочуларга эмнелерди бекер таратууга болот?
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү жана шайлоочуларды маалымдоо боюнча бир катар жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди.
Өзгөртүүлөр Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартибин тактоого, ошондой эле шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган.
Акысыз таратылуучу үгүт товарларынын тизмеси кеңейтилди. Ага талапкердин сүрөтү, аты-жөнү же саясий партиянын символикасы түшүрүлгөн басма материалдардан тышкары экосумкалар, төш белгилер, футболкалар, жилеттер, баш кийимдер, моюн орогучтар, желектер, аба шарлары, калемдер, карандаштар, кружкалар жана блокноттор киргизилди.
Ошондой эле үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынган объекттердин тизмеси такталып, ага кире бериш аркалар (стелалар) да кошулду.
Мындан тышкары, шайлоочуларды маалымдоо жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби да такталды. Атап айтканда, Жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү анын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөрү белгиленди.
Муну менен катар Жумушчу топтун аймактык шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү тартиби да бекитилди.
БШКнын маалыматына ылайык, киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин тактоо жана шайлоо процессинин катышуучуларына маалымат берүүнүн тартибин жөнгө салуу.