БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча арыз бергендер
Бүгүнкү күндө борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жалпы 3 талапкер арыз берди. Маалыматка ылайык, бир топ жарандар шайлоого катышуу үчүн БШКга кайрылышып жатышат, бирок документтери толук болбой жатат.
Төмөнкүлөр шайлоого катышуу үчүн арыз беришти.
- Атамша Дурсуновдон парламенттик шайлоодо Ысык-Ата №30 шайлоо округу боюнча;
- Арсланбек Малиевден Жети-Өгүз №34 шайлоо округу боюнча;
- Акылбек Сариевден №33 Нарын шайлоо округу боюнча.
Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт.