БШКнын ыйгарым укуктарын оптималдаштырууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар конституциялык мыйзам долбоорлору каралып, маанилүү документтер биринчи окууда кабыл алынды.
Алардын арасында «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору да бар. Демилгечилер — депутаттар Марлен Маматалиев, Гульнара Акимбаева жана Айбек Алтынбеков.
Депутат Гульнара Акимбаеванын айтымында, мыйзам долбоору Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарын оптималдаштырууга, эскирген жана ашыкча жоболорду алып салууга, ошондой эле терминологияны башка ченемдик укуктук актылар менен шайкеш келтирүүгө багытталган.
Мындан тышкары, документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызмат орундарын ээлөө тартибиндеги өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан карама-каршылыктарды жоюуну жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо беш жылдык циклди эске алуу менен шайлоо округдарын түзүү мөөнөттөрүн тактоону максат кылат.
Ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга байланыштуу өзгөртүүлөр сунушталып, “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын” деген түшүнүк алып салынууда. Бул норма аталган кызматтардын дайындоо тартиби мыйзамдашкандыктан актуалдуулугун жоготкону белгиленди.
Мындан тышкары, шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын тактоо максатында айрым терминдерди унификациялоо да каралууда. Тактап айтканда, “аймактык” деген сөз “округдук жана аймактык” формасына алмаштырылып, айрым кайталанган түшүнүктөр кыскартылат.
Жыйында ошондой эле «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору да биринчи окууда жактырылды.
Мындан сырткары, депутат Дастан Бекешев демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документ үчүнчү окууда кабыл алынды.