Будапешт – Бишкек түз аба каттамын ачуу пландалууда
Жакын арада Будапешт – Бишкек түз аба каттамы ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий иш сапары менен Бишкекке келген Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өткөн пресс-конференцияда билдирди.
Мындан тышкары Абу-Даби – Бишкек каттамы боюнча «Wizz Air» компаниясынын авиакаттамын ачуу каралып жатканын айтып, бул Кыргызстандын араб аймактарына чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп белгиледи.