Будапештте Айтматовдун «Ак кеме» повестинин каарманына эстелик тургузулду
2026-жылдын 25-июнунда Венгриянын борбору Будапешт шаарында кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги каарманга арналган эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Эстелик Будапешттин XXII районундагы «Дуна-Фок» эс алуу паркында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинин демилгеси жана райондук муниципалитеттин колдоосу менен орнотулду.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият жана коомдук ишмерлер, ошондой эле Венгрияда жашаган кыргызстандыктар катышты.
Өз сөзүндө Аскаралы Мадаминов Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы өзгөчө ордун белгилеп, анын чыгармалары жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалап, элдер ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын айтты.

Ал эми Элчи Талантбек Кушчубеков эстеликтин ачылышы улуу жазуучунун чыгармачылык мурасына болгон терең урмат-сыйдын белгиси экенин белгилеп, Айтматовдун чыгармалары бүгүнкү күндө да дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө окурмандардын кызыгуусун жаратып келерин баса көрсөттү.
Долбоордун негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын эл аралык деңгээлде кеңири жайылтуу жана Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 100 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүүнүн мааниси өзгөчө белгиленип, улуу жазуучунун мурасын дүйнө коомчулугуна таанытуу багытындагы иштерди улантуу зарылдыгы айтылды.