Бүгүн Бишкектин түштүк тарабында суу өчүрүлөт

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 146

Бишкек шаардык мэриясы 21-майда борбор калаанын түштүк тарабындагы айрым аймактарда ичүүчү суу убактылуу токтотуларын билдирди.

Маалыматка ылайык, суу берүү саат 09:00дөн түнкү 00:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өндүрүштүк объекттерде токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр жана чек аралар менен чектелет:
— Байтик баатыр көчөсү;
— Түштүк Чоң Чүй каналы;
— Ала-Арча суусу;
— Саманчин көчөсү;
— Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы;
— Ала-Арча-3 конушу.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, убактылуу чектөө 10-кичи райондогу диаметри 500 миллиметр болгон суу түтүгүндөгү аварияны калыбына келтирүү иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы тургундардан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууну суранып, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X