Бүгүн жана эртең Ала-Тоо аянтында жандуу музыка жаңырат
Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянты 7 жана 8-август күндөрү жандуу музыканын борборуна айланат.
Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, эки күн катары менен өтө турган музыкалык кечелерде таланттуу ырчылар жана чыгармачыл топтор өнөр көрсөтүп, көрүүчүлөр үчүн кызыктуу концерттик программа тартуулашат.
Иш-чара ачык асман алдында өтүп, шаар тургундарына жана конокторуна жайкы кечтерди жагымдуу маанайда өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Мэрия бишкектиктерди жана борбор калаанын конокторун үй-бүлөсү, достору менен келип, жандуу музыкадан ырахат алып, жайкы музыкалык кечелердин катышуучусу болууга чакырат.