Бурул Аманова Кадамжайдагы ооруканага тез жардам унаасын тапшырды

26-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 200

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова Кадамжай районуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна тез жардам автоунаасын тапшырды. Бул демилге аймактагы медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Эл өкүлүнүн айтымында, аймактарда сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү жана жарандарга өз убагында кызмат жеткирүү артыкчылыктуу маселелердин бири бойдон калууда.

«Кадамжайда райондун борборунан алыс жайгашкан айылдар бар. Мындай шартта тез жардам кызматынын жеткиликтүүлүгү өзгөчө мааниге ээ. Бул маселе боюнча жергиликтүү тургундар кайрылышкан. Ошол кайрылуулардын негизинде тез жардам автоунаасын элдин кызматына берүүнү туура көрдүк», — деди депутат.

Иш сапардын жүрүшүндө Кадамжай районундагы медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышкан депутат дарыгерлер менен жолугуп, алардын сунуш-пикирлерин укту.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X