Бутунан жаракат алган Орусия жараны 4100 метр бийиктиктеги мөңгүдөн куткарылды
2026-жылдын 6-июль күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айыл аймагына караштуу Чоң-Жаргылчак капчыгайынын жогорку бөлүгүндөгү мөңгүдө кырсык катталды.
Маалыматка ылайык, 1993-жылы туулган Орусия Федерациясынын жараны Ф.А. аттуу аял киши бутунан жаракат алып, өз алдынча ылдый түшө албай, жардам сурап кайрылган.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган аялды 4100 метр бийиктиктеги мөңгүдөн табышкан. Алар ага жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүп, коопсуз жерге түшүрүшүп, андан соң Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткиришкен.
Куткаруу иштерине Каракол шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн үч куткаруучусу тартылган.