БУУ келе жаткан пандемия жөнүндө билдирүү таратты
Кургакчылык апааты дүйнө жүзүн каптаган пандемияга айланышы толук мүмкүн. Эгерде мамлекеттер климаттык абалды жөнгө салуунун алдын алуу чараларын көрүшпөсө, бул пандемиядан кутулуу мүмкүн эмес, деп жазат БУУ өзүнүн расмий сайтында.
Алынган маалыматтарга ылайык, XXI кылымда бери дегенде эле бир жарым миллиард адам кургакчылыктын кесепетин тарты. Бул 124 миллиарддык экономикалык чыгымдарга алып келди. Эксперттердин оюу боюнча, келтирилген чыгымдар мындан бир топ көп болушу мүмкүн, анткени чыгымдар боюнча расмий маалыматта өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин статистикасы жазылган эмес.
«Кургакчылык бул келе жаткан коркунучтуу пандемия, андан бир дагы вакцина куткара албайт. Алдыдагы жылдары дүйнөнүн көп бөлүгү суунун жетишсиздигин сезишет. Сууга болгон муктаждык болуп көрбөгөндөй өсөт «, – дейт БУУнун Генералдык катчысынын жакырчылыкты кыскартуу боюнча атайы өкүлү Мами Мидзутори.
Көпчүлүк кургакчылык дегенде эле Африканын чөлдүү өрөөндөрү гана жапа чегип жатат деген ойдо болушу мүмкүн, бирок соңку жылдары жаратылыштын бул кубулушу Жер шаарын чекесинен каптай баштады,- дейт ал.
БУУнун докладында дүйнө жүзүндо адамдардын санынын көбөүшү, суу тартыштыгына алып келүүдө, деп жазылат.
«Адамдар кургакчылык шартында 5000 жыл жашап келишкен, бирок биз азыр болуп көрбөгөн кубулуштарды байкап келебиз «, – деп жазылат БУУнун билдирүүсүндө.
Климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен, жаан-чачындын азайып, кургакчылыкка алып келген негизги фактор болду. Бирок, ошол эле учурда сууну туура эмес, натыйжасыз пайдалануу интенсивдүү айыл чарба иштерине байланышкан жердин деградациясы маанилүү ролду ойноду. Ушуга байланыштуу Мами Мидзутори дүйнөлүк өкмөттөрдү суу чыгаруу, сактоо жана пайдалануу, ошондой эле жерди башкаруу ыкмаларын тез арада реформалоо керек, деп үндөдү.