БУУ кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу үн катты
Бириккен Улуттар Уюму кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун баш катчысынын басма сөз өкүлү Фархан Хак 29-апрелдеги брифингде эл аралык уюм акыркы абалга тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирди.
“Биз акыркы кабарларды көрдүк, тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Эки тарап, Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкени тууралуу кабарыбыз бар. Эгер ушундай болсо, аны кубатташыбыз керек. Биз эки тарапты тең кандай гана чечилбеген маселе болбосун түз сүйлөшүүлөр аркылуу, тынч жол менен чечүүгө чакырабыз”, — деди Фархан Хак.
БУУнун өкүлү тынчсыздануусун билдиргенге чейин Казакстан жана Өзбекстандын бийлиги билдирүү таратып, эки тарапты тынчтыкка чакырган.