Bvlgari Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар
2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарындагы «Ынтымак Ордо» резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дүйнөгө белгилүү италиялык Bvlgari компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Иш-чарага компаниянын туруктуу өнүгүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча директору Элеонора Риццуто жана корпоративдик каржы жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча директору Энрико Фрицци катышты.
Жолугушууда тараптар зергерчилик буюмдарын өндүрүү тармагында өнөктөштүктү өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышты.
Данияр Амангельдиев дүйнөлүк ири бренддердин Кыргызстанга кызыгуусу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, мамлекет инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Анын айтымында, учурда республикада инвестициялык климатты жакшыртуу, мыйзамдарды либералдаштыруу жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча реформалар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ал Кыргызстанда баалуу металлдардын ири чийки зат базасы бар экенин белгилеп, бул зергерчилик жана люкс сегменти үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады.
Тараптар баалуу металлдарды кайра иштетүү, зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүү жана тиешелүү инфраструктураны жакшыртуу багыттарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.
Өз кезегинде Bvlgari компаниясынын өкүлдөрү жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын инвестициялык потенциалына кызыгуусун билдиришти. Алар аймактагы экономиканын динамикалуу өсүшүнө өзгөчө көңүл бурушту.