Быйыл 80 миң 829 бүтүрүүчү мектепти аяктайт
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги маалымдагандай, 2025–2026-окуу жылында өлкө боюнча 80 миң 829 окуучу 11-классты аяктап, мектеп менен кош айтышат. Ал эми 9-классты бүтүргөндөрдүн саны 135 миң 979ду түзөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-май күнү өткөрүлөт.
Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөр үчүн майрамдык линейкалар уюштурулуп, окуучуларга ийгиликтер кааланат.