Быйыл 13 миңден ашык үй-бүлө 150 миң сомдон алат

12-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 11-мартка карата республика боюнча “Социалдык контракт” программасынын алкагында жардам алууга 1825 арыз түшкөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, алардын 341и айыл чарба багытындагы долбоорлорду ишке ашырууда.

Министрликтин маалыматына караганда, арыздарды кабыл алуу дагы деле уланууда. Быйыл бул программанын алкагында 13 миң 333 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилет.

Белгилей кетсек, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган “Социалдык контракт” программасы Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет.

12-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X