"Эркин-Тоо"

Бюджет 570 миллиарддан ашканы калды!

Министрлер Кабинети 2023-жылдын мамлекеттик бюджети 570 миллиард сомдон аша тургандыгын жарыялап, жалпы кыргыз коомчулугун кубандырды. Маселен, 2023-жылы бюджет былтыр 503,4 млрд сом деп бекитилсе, жыл жыйынтыгы менен 570 млрд сомдон ашып кетиптир. Айрыма 67 млрд сом. Албетте, бул мактоого татырлык иш. Эми кийинки 2024-жылы 600,7 млрд сом деп пландалган бюджет да андан ашып түшөрүнө сөз беришүүдө, ага ишеним артып туралык.

Ошондой эле, Ички дүң прокция дагы чоң секирик жасап, 1 триллион сомду басып өткөнү белгилүү болду. 2020-жылы Садыр Жапаров бийликке келген маалда 7,1%га төмөндөгөн ИДП эки жылда 439 млрд сомго өсүп, 2022-жылы 11,5 млрд долларды түзсө, быйыл ИДПнын көлөмү 1 триллион сомго жеткени жарыяланды. Муну дагы Акылбек Жапаровдун алкоого татырлык эмгеги катары баалап, тынымсыз маңдай терин төккөн иштин жыйынтыгы дешибиз керек.

Мындан сырткары, баары турукташып, профицит менен келгени да өзгөчө басым жасай турган маселе болуп турат. Мамлекеттик бюджеттин 2024-жылдагы кирешеси 414,2 млрд сом, чыгашасы 394,2 млрд сом деп бкөрсөтүлгөн. Башкача айтканда, бюджет дефицит эмес, 20 млрд сом профицит менен аткарылат деген оптимисттик маанайды жаратып отурат. Бир нече жылдан бери дефицит менен кабыл алынып, бюджетти абалы бир топ  оорлоп калган эле.

Буга катар Салык жана бажы кызматкерлери коррупциядан арылып, профессионалдык компетенттүүлүгүн көрсөтүүдө. Салык кызматы 2024-жылы 230 млрд сом жыйнары күтүлүүдө, бул 2023-жылдагыдан 49 млрд сомго көп. Ал эми Бажы кызматы 2024-жылга 117,4 млрд сомдон ашырып, 2023-жылдагы 22,7 млрд сомго көп жыйноону максат кылууда. Бул жерде да айта кетишибиз керек, Бажы кызматы биринчи жолу 100 миллиарддык чекти өттү.

Турмуштун ыргагын карасак, өлкөдө экономикалык жылыш кадимкидей байкала баштаганы айлык маяналардын көтөрүлгөнүнөн, өлкөнүн бардык аймактарында социалдык объектилер, жолдор, ооруканалар, имраттар, ипотекалык үйлөр, мектептер, бала бакчалар ж.б. курулганынан, жүздөгөн аскердик жана курулуш техникалары сатып алынганынан ачык билинүүдө. Муну азыр эч кимден жашырууга деле болбой калды.

Эң башкысы, буга чейинки тышкы карыздар эч кыйынчылыксыз, өз убагында төлөнөрү Президент тарабынан ачык айтылып, өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса, мындан ары да төлөөгө толук күчүбүз жетери белгиленди. Маселен, быйыл 360 млн доллар төлөндү, келерки жылы 470 млн доллар, 2025-жылы 532 млн доллар төлөйбүз. 2019-жылдары «тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз, төлөбөсөк жерлерибиз кетет экен» деп барыбыз бушайман боло баштаган элек, мына азыр кыжаалатчылык жоголду. Бул дагы болсо экономиканын жакшыргандыгынан кабар берүүдө.

Аналитиктер экономикадагы жылыштын бирден бир себеби системанын туура тандалгандыгында экенин айтышууда. Дегенибиз, 2010-жылы аты парламенттик болгону менен заты таптакыр башка нукка бурулган, башаламандыкка кептелген система орногону көпчүлүккө маалым. Анын кесепетин 10 жыл тарттык. Өкмөт курамы парламент тарабынан түзүлүп, коалицияга бириккен бийликчил фракциялар Премьер-министрди чүлүктөп алчу. Ал эми иш жүзүндө мамлекетти Президент башкарып, жоопкерчиликке келгенде эч кимиси мойнуна жүктү көтөрчү эмес. Жыйынтыгында ар кайсы клан өз көмөчүнө күл тартып, жан сакчы, шопуруна чейин бийликтин башына чыгарып, мамлекетти каалагандай талап-тоноп кете беришти.

Азыр Башмыйзам боюнча бийлик башында Президент турат, Министрлер Кабинети ага баш ийет. Бардык жоопкерчилик бир кишиге жүктөлгөн. Натыйжасы жаман эмес, жыйынтыгы мына ачык көрүнө баштады, 2020-жылы Садыр Жапаров эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алган эле, бүгүн туруктуу өсүшкө жетип, профицитке чыкты. 2020-жылы 250 миллард бюджет болсо, азыр үч эсеге өсүп, 570 миллардга жетти.

Геосаясий кырдаалга, дүйнөлүк каатчылыкка карабай мамлекетибиз экономикалык өсүштү камсыздап жаткандыгын эл аралык уюмдар жана көз карандысыз эксперттер тастыкташуда. Тактай айтсак, Кыргызстандын экономикасы үстүбүздөгү 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча туруктуу өсүштү көрсөттү. Кыргызстандын ички дүң өнүмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 2023-жылдын январь-октябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5%га өсүп, 919 млрд сомду түздү.

Экономика тактыкты талап кылгандыктан, цифралар менен белгилей кетсек, эмгек акынын орточо суммасы былтыркы жылга салыштырмалуу 25,7%га өсүп, ал 32078 сомду түздү. Ошондой эле тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27%га көбөйүп, ал 9,407 млрд долларга жеткен. Мында Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46%га өсүп, 1,850 млрд долларды, ал эми импорт 23%га жетип, 7,5 млрд долларды төздү.

Ал эми мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү боюнча дагы олуттуу өсүш байкалып, 2023-жылдын 9 айында 23 млрд сомго жетип, ал өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 20%га көп болгон. Жүк ташуулардын көлөмү да 13%га өсүп, 35,5 млрд сомду көрсөттү. Ошол эле маалда дүң жана чекене соода 18%га чейин чапчып, 791 млрд сомго жетти. Мындан тышкары, негизги капиталга инвестиция 17%га өсүп, 97 млрд сомду камсыздады. Курулуш боюнча ички дүң продукциянын көлөмү да 13%га өсүп, 106 млрд сом болду.

Региондорду алсак, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эң көп Баткен облусунда өсүп, ал 21%га жеткен. Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы катарга 19% менен Чүй облусу жана 13%ды түзгөн Бишкек шаары кирди. Өткөн жылга салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөп, көлөмү 75%ды гана түзгөн.

Жогоруда бажы тармагынын кийинки жылда чогултуучу каражатын айттык, ал эми алардын быйылкы кирешеси 100 миллард сомго жеткени турат. Өткөн жылы 74,3 миллард сом чогулган, мурдагы жетекчилердин маалында 30 миллиарддын айланасында эле киреше алчубуз. Айтсак, 2015-жылы 32 млрд, 2016-жылы 29,3 млрд, 2018-жылы 39,8 млрд болгон. Эми мурда чогулган бажы киреше менен бүгүнкү кирешени салыштырып карасак, 60 миллиард сомдук айырма чыгып жатат. Албетте, ачыгын айтышыбыз керек, муну ошол кездеги бийлик жетекчилери сол чөнтөккө солоп турушкан. Раим миллиондун мафиясы жөн жерден жаралган жок да. Эгер ошол миллиарддар уурдалбай казынага түшкөндө, ошондо эле жүздөгөн мектептер салынып, айыл-чарба, курулуш жана аскердик техникалар сатылып алынмак.

Быйылкы жылы курулуш дагы кызуу жүрдү, мунун да чет-бучкагын айта кетпесек болбос. Көп жылдан бери кыймылдабай турган мектептер, балдар бакчалары, маданият үйлөрү, спорт объектилери, таза суу, административдик имараттардын курулуштары жүрдү. Жаңы окуу жылына карата бир күндө 43 мектеп, 5 спорт зал, 3 бала бакча колдонууга берилген, жыл аягына чейин 100 билим уясынын имараты бүткөрүлгөнү турат.

Ал эми эки жолку чек арадагы куралдуу кагылышта жабыркаган үйлөрдүн дээрлик баары кайра башынан курулуп, быйыл баткендиктерге 420 жаңы турак жайдын ачкычы тапшырылды. Бишкек шаарында жаңы Президенттик Администрациянын имаратынын курулушу жүрүп жатат. Ага катар, 30 жылда такыр колго алынбай калган турак жай программасы ишке кирип, Президенттин демилгеси менен жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды.

Ага ылайык, ипотекалык насыянын жылдык төлөмү мамлекеттик кызматкерлер үчүн 4%га, жеке тараптар үчүн 8%га төмөндөп, төлөө мөөнөтү 15 жылдан 20-25 жылга чейин узартылды. Мамлекеттик ипотека берилип баштаган 2016-жылга салыштырмалуу 2023-жылы каржылоо 5,5 эсе өстү. Ушул маалда республика боюнча 451 көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. Алардын жалпы аянты 5 млн. 552 миң чарчы метрди түзөт.

Мындан тышкары, Президенттин социалдык контракт демилгеси ишке кирди. 100 миң сомдон берүү жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары башталып, 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилген эле. Натыйжада 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшыртып, 30 миңдей  жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө берилмекчи, ага 2 млрд сом каралды.

Айтор, бардык тармакта жылыш байкалып, өлкө өнүгүүгө карай бет алганы турмуш чындыгынан да, экономикалык көрсөткүчтөрдөн дагы ачык билинүүдө. Бюджет 570 миллиард сомдон ашып, ИДПнын көлөмү 1 триллион доллардан ашканы буга далил. Министрлер Кабинетинин отчетун Жогорку Кеңештин депутаттары дагы муюп угуп, бири да каршы сүйлөгөн жок. Сын айтып келген эл өкүлдөрүнүн баары мактоо сөздөрү менен колдоп беришти.

 

 

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

№94 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 28-ноябры

 

 

Иллюстрациялык сүрөт: интернет булактарынан алынды
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!