"Эркин-Тоо"

Чүй облусунунда кайгуул күзөт кызматкерлери алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө

Чүй облусунунун ички иштер органдары тарабынан алдын алуу жумуштары тынымсыз өткөрүлүп келүүдө. Облус боюнча ар бир райондордо Чүй облусунун ИИББдүн кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин алып барышууда.
Чүй ОИИББдүн кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери Ново-Павловка айылдын милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте Сокулук районунун аймагындагы Ново-Павловка, Военно-Антоновка айылдары ошондой эле Ак-Ордо жаңы конуштарында алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Анда уурулук кылмыштардын алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында иштерди алып барышууда.
Милициянын кайгуул күзөт кызматкерлери тарабынан көчөмө-көчө кыдыруу, аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте каттоодо турган жарандарды текшерүү иштери жүзөгө ашырылууда.
Рейд учурунда кызматкерлер жергиликтүү жашоочуларга кылмыштуулукту алдын алуунун эрежелерин айтышып, алдын алуу чараларын көрүү мыйзам бузуу жана кылмыштуулукка бөгөт коюуга өбөлгө болоорун эскертишүүдө.

Пример HTML-страницы