Чүйдө окуучуларды сүзүп качкан айдоочу кармалды 

Чүй облусунда окуучуларды сүзүп качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 13-мартта болжол менен саат 15:04тө Ысык-Ата районунун Люксембург айылында жайгашкан Ваккер атындагы орто мектебинин жанында болгон. Анда жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 4-класстын окуучуларын белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, из жашырган.

Облустук милициянын ыкчам аракетинин натыйжасында, кылмышка шектүү делип 24 жаштагы М.у А. кармалган. Шектүү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаасы айып короо жайына токтотулду.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X