Чүй: Алтын-Ордодо таза суу курулмалары пайдаланууга берилди

16-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 23

Чүй облусунун  Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Ордо участогунун  таза суу курулмаларынын курулуш иштери бүткѳрүлүп, пайдаланууга берилди. 

Бул Суу менен камсыздоонун объектинин курулушу   2021-жылдын май айында айында тургундардын өздүк 10 млн. сом каражаттарына жана республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 10,4 млн.сомго башталган.

Бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен 50 м3 суу топтоочу мунара, 9,7 км ички суу түтүктөрү,  2-өрт өчүрүүчү крандар, 180-суу бөлүштүрүүчү кудуктар жана суу түтүктөрү орнотулду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X