Чүй облусу «кызыл» зонага кирди
Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматовдун билдирүүсүндө, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу вирустун жайылуусу боюнча Чүй облусу «кызыл» зонага кирди. Анын айтымында, бир суткада Чүй облусунда COVID-19дун 49 жаңы учуру катталган, анын ичинен 40 учур – лабораториялык, 9 учур – клиникалык-эпидемиологиялык симптом менен тастыкталган. Бишкек мурдагыдай эле «кызыл» зонада калууда. Ал эми Ысык-Көл «сары» зонада, калган 5 облус «жашыл» зонада турат».