Чүйдө 100 миң түп дарак отургузулат
Чүй облусун комплекстүү өнүктүрүү максатында 2026-жылга карата 6 долбоорду ишке ашыруу планы бекитилди. Бул тууралуу Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев коллегия жыйынында билдирди.
Анын айтымында, пландын алкагында «Жашыл Чүй», «Таза Чүй», «Заманбап Чүй», «Чүй Инвестиция» жана «Чүй Агро» долбоорлору ишке ашат.
«Жашыл Чүй» долбоору боюнча Чүйдө 100 миң түп дарак отургузуу каралган. «Таза Чүйдүн» негизинде 3 миңден ашык таштанды челектери орнотулуп, эки таштанды кайра иштетүүчү завод курулат. Ошондой эле эски полигондорду иретке келтирүү иштери жүргүзүлөт.
«Заманбап Чүй» долбоорунун алкагында жол, социалдык объекттер жана башка инфраструктуралык иштер аткарылат.